ВидеоКоом

Абдышүкүр Нарматов мечит бош калды деп ыйлагандан кийин, элдер мечитке келип баштады (ВИДЕО)

Бүгүн, Абдышүкүр Нарматов Ажы Бишкек шаарынын 7-кичи районуна салынган мечитке келип, “мечит бош калды”-деп ыйлап, видеого тартып интернет аркылуу тараткан. Анын чакырыгынан кийин мечитке элдер келип, чогулуп баштады.

Учурдагы коронавируска байланыштуу Муфтият мусулмандарды жума намазды үйдө окуп, коопсуздукту сактоого чакырган.

“Урматттуу мусулман бир туугандарым! Бүгүнкү жума өзгөчө жума. Башка жума күндөрүнө окшобойт. Бүгүн мечиттер жамааты жок. Мечитте рүкү, сажда кылган, жаратканга жалбарып дуа кылган, жүздөрүнөн ыйман нуру келген аксакалдар жана жаштар, ыймандуулардын жамаатынан бош болгон өзгөчө жума. Бүгүн жаратканга жалбарып ыйлай турган жума”, деп айткан Нарматов.

Эске сала кетсек, коронавирус оорусу адамдар көп чогулган жерлерде таркалуусу коопту болгонуна байланыштуу, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кырдаал турукташканга чейин Жума намазы убактылуу токтотулсун деген чечимин кабыл алган.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close