Экология

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Бүгүн, 15-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда катуу жаан жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мерге, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +6…+11

Талас облусунда +5…+10

Баткен облусунда +9…+14

Ош жана Жалал-Абад облустарында +9…+14

Ысык-Көл облусунда +7…+12

Нарын облусунда +6…+11

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы +8…+10 градус болот.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button