Экология

Аба ырайы: 5-февралда күн ачык болот

5-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда күн ачык болот. Күндүз жалпы өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -21…-26, күндүз -12…-17;

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12 градус болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градус суук болот.

5-февралда Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 7…9° жылуу болот.

Аба-ырайы
Бишкек шаары
Тумандуу
-14
-3º – -14º
84%
1 км/c
-3
Жм
3
Иш
3
Жш
3
Дш
1
Шш
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button