Экономика

Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны көбөйдү

Быйыл алынган насыялардын көпчүлүгү айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө жумшалган. Ошондой эле соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүндө ишкерлик кылууну каалагандар чакан насыя берчү жайларга көп кайрылышат.

 Былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу быйыл микрокредит алгандардын саны 35 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Тагыраагы, январь-сентябрь айларында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 460 миң адамга 22 миллиард сом насыя берилген.Чакан кредитти эң көп Ош облусунда алышты (микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 21 пайызы). Андан соң Бишкек шаары (19,1 пайыз), Жалал-Абад (14,1 пайыз) жана Чүй облустары (13,9 пайыз) турат.

Ал эми кайсы багыттарга жумшалганына токтолсок, биринчи орунда 31,8 пайыз менен айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү турат. Экинчи орунга керектөөчүлүк (26,5 пайыз), үчүнчүгө соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсү (12,7 пайыз) чыкты.

 

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button