АналитикаБийликЖогорку Кеңеш
Маанилүү

Өткүрбек Жамшитовдун жыйындагы сөзү парламенттин кадыр-баркына көлөкө түшүрдүбү?

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун 2019-жылга карата мыйзамдуулуктун абалы боюнча отчетун карап, токтом кабыл алды.

Жыйынга катышып жаткан 115 депутаттын 113ү отчетту колдоду, экөө добуш берген жок.

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндамасында белгилегендей, 2019-жылы кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, 163 549 арыз катталган. Анын 87 374ү кылмыш, 76 175и жорук болуп саналат.

2019-жылы прокуратура органдары мамлекеттин пайдасына 39 миллион 455 миң сомду өндүрүш үчүн сотко 998 доо арыз жиберген. Анын 81% канааттандырылып, 27 миллион сом өндүрүлгөн.

“Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында жалпысынан 1 млрд. 79 млн. 556 сом өндүрүлгөн. Анын ичинен 352 млн. 52 миң сом акчалай, 727 млн. 503 миң сомдук натуралай түрдө алынган. Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелерин жана чыгашаларын декларациялоо багытындагы мыйзамдын аткарылышы боюнча прокурорлор тарабынан 1332 чара көрүү актылары киргизилип, 2225 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге тартиптик жаза колдонулду” деди Өткүрбек Жамшитов.

Прокуратура органдары тарабынан 3882 кызматтык жана коррупциялык иш кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кошумчалады. Мунун 1355и иш тергөөнүн жыйынтыгында өндүрүштөн кыскартылган.

Башкы прокурордун маалыматы боюнча, мамлекеттик органдардын ичинен көпчүлүк мыйзам бузуу өз алдынча башкаруу тутумунда, жол жана транспорт, билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрликтеринде, экотехинспекциясында, курулуш агенттигинде жана алардын түзүмдөрүндө орун алган.

Отчетту талкуулоодо депутаттар коррупцияга каршы күрөшүү, мыйзамсыз баюу, балдардын укугун коргоо, укук коргоо органдары менен соттук өкүлчүлүктөрдүн иликтөө жана ыкчам-издөө ишине көзөмөлдү күчөтүүгө көңүл бурушту.

Андан тышкары, чет өлкөдө жаза өтөп жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу маселеси айтылды.

Ал эми депутат Ирина Карамушкина баш прокуродун отставкасын талап кылып, башкы прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Анын айтымында, Башкы прокуратура «саясий оппоненттерге» карата кылмыш ишин козгоп жатат, бирок ошол эле учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтырынын азырдарын карабай жатат.

«2019-жыл Кыргызстандын жаңы тарыхында бийликтин мыйзамсыз аракеттери үчүн сынга алган жарандардын эркиндигин чектеген кара так катары кирет. Бул мыйзам бузуу!

Кеп, экс-президент Алмазбек Атамбаевде эмес, мыйзамдарды бузгандыкта. Эми азыр саясий оппоненттери соттоп жатышат.

Мунун баары Башкы прокуратуранын саясий буюртманы аткарышынан улам ушундай болуп жатат.

Мени жана менин жолдошторумду биз жасабаган кылмышка айыптап жатышат. Убакыт келет, биз аны далилдейбиз.

Бардык иштер саясий буйрутма экендиги, биздин азырдардын бирөөнө да карата Башкы прокуратура  сотко чейинки өндүрүш баштабай жатканы айтып турат.

Мисалга, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңсесиндеги тыңшоочу жабдыктарга карата кылмыш ишинин тагдыры эмне болду? Юстиция министрлигинин кызмат адамдарына карата юридикалык жактардын бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизгендигине карата? Анда  КСДП жетекчилигине  Сагынбек Абдрахмановду каттаган, ал партиянын мүчөсү эмес болчу. Ошондой эле партия мүчөлөрү ЖЭБди модернизациялоо жөнүндө мыйзамды ратификациялоодо экс-спикер Асылбек Жээнбековдун  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча арыз менен кайрылышкан.

Эмне үчүн биздин арыздар боюнча Башкы Прокуратурада иш катталган жок?

Отчетто эмне үчүн Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши кантип козголгону тууралуу фактылар жок. Анын ичинде «Альфа» атайын күчтөрү тарабынан жай тургундар жашаган жеке аймакка аскердик чабуул жасалганы тууралуу. 800дөн ашык адам бийлик органдарынын аракеттерине арыз берген, бирок бирөөдө да иликтөө башталган эмес.

Ошондуктан мен сизге ишенбөөчүлүк көрсөтөм. Жарандардын укугу бузулганы үчүн кызматтан кетүүңүздү талап кылабыз», — деп Карамушкина сөзүн аяктады.

Башкы прокурор Жамшитов Ирина Карамушкина өтө оор кылмыш боюнча шектүү катары өтүп жатканын эскертти. Ошондой эле  «ишти саясий буйрутма деп айтууга болбой турганын» кошумчалады.

«Сиз тараптан айтылган сын тууралуу эч кандай саясий буюртма жок. Жөнөкөй кылмышты ар кандай боек берип айтканыңар туура эмес. Мыйзамды угуп, убагында келип койсо ушунун баары болмок эмес. Мыйзамды сыйлабай, «каалаганымды кылам» дегендин айынан «Альфанын» кызматкери каза болуп, канча адам ыйлап отурат. Сиздин жана башка шектүүлөрдүн кылмыштары материалдар менен далилденген. Күнөөңөрдү далилдөөгө толук даярбыз», — деди Жамшитов.

Прокурор жарандардын кайрылууларынын баары боюнча текшерүүлөр болуп жатканын билдирди.

Депутат Ирина Карамушкина ал бийликчилби-атамбаевчилби, оппозициябы — айырмасы жок. Албетте, бул парламенттин мөөнөтү аяктап баратат. Андан сырткары Карамушкина азчылыкты түзгөн улуттун өкүлү.  Ал биринчиден Жогорку Кеңештин депутаты. Кеп Карамушкинада эле эмес, кеп парламент институтунда. Башкы прокурор Жогорку Кеңештин төрүнө келип алып, «депутаттын суроосуна жооп берсемби, бербесемби» деп басым жасаганы, соттун өкүмү чыга электе «өтө оор кылмышка шектүүсүз» дегени одоно ката болду. Парламенттин кадыр-баркына көлөкө түшүрдү. Жогорку Кеңештин төрагасы катары Дастанбек Жумабеков прокурорго бир ооз эскертүү бергенге жараган жок.

Өткүрбек Жамшитов Кыргызстандагы көмүскөдөгү экономика 7 млрд. түзгөн Кыргызстанда, 1 млрд. 79 млн. 556 сом мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында өндүрүлгөнү үчүн өзүн парламенттин төрүнө келип алып депутаттарды демитип сүйлөп жатат. А эгер, Грузия же Армениядагыдай көрсөткүчтөргө жеткенде анда президентти да тоготпой калмак экен…

Буга албетте, биринчиден депутаттар өздөрү күнөөлүү. Коомчулукта келекеге алынган депутатты төрага кылып шайлап, ага моюн сунуп отурушат. Маанилүү деп саналган Социалдык маселелер, билим берүү боюнча комитетинин жыйынын Тазабек Икрамов сыяктуу чулдураган депутаттар башкарып жатса, бүгүн Карамушкина, эртең анын ордунда башка депутат болуп калышы мүмкүн.

Кыргызстан укуктук мамлекет болгондон кийин минтип кодулай берүү жакшылыкка алып барбайт…

КоронаLIVE
  • USA 1,902,031
    USA
    Жуктургандар: 1,902,031
    Ооруп жаткандар: 1,104,215
    Айыккандар: 688,670
    Каза тапкандар: 109,146
  • Brazil 584,562
    Brazil
    Жуктургандар: 584,562
    Ооруп жаткандар: 285,862
    Айыккандар: 266,132
    Каза тапкандар: 32,568
  • Russia 441,108
    Russia
    Жуктургандар: 441,108
    Ооруп жаткандар: 231,101
    Айыккандар: 204,623
    Каза тапкандар: 5,384
  • Spain 287,406
    Spain
    Жуктургандар: 287,406
    Ооруп жаткандар: 260,278
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 27,128
  • UK 279,856
    UK
    Жуктургандар: 279,856
    Ооруп жаткандар: 240,128
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 39,728
  • Italy 233,836
    Italy
    Жуктургандар: 233,836
    Ооруп жаткандар: 39,297
    Айыккандар: 160,938
    Каза тапкандар: 33,601
  • India 216,919
    India
    Жуктургандар: 216,919
    Ооруп жаткандар: 106,737
    Айыккандар: 104,107
    Каза тапкандар: 6,075
  • Germany 184,425
    Germany
    Жуктургандар: 184,425
    Ооруп жаткандар: 7,926
    Айыккандар: 167,800
    Каза тапкандар: 8,699
  • Peru 178,914
    Peru
    Жуктургандар: 178,914
    Ооруп жаткандар: 101,701
    Айыккандар: 72,319
    Каза тапкандар: 4,894
  • Turkey 166,422
    Turkey
    Жуктургандар: 166,422
    Ооруп жаткандар: 30,961
    Айыккандар: 130,852
    Каза тапкандар: 4,609
  • Iran 160,696
    Iran
    Жуктургандар: 160,696
    Ооруп жаткандар: 27,478
    Айыккандар: 125,206
    Каза тапкандар: 8,012
  • France 151,677
    France
    Жуктургандар: 151,677
    Ооруп жаткандар: 53,201
    Айыккандар: 69,455
    Каза тапкандар: 29,021
  • Chile 113,628
    Chile
    Жуктургандар: 113,628
    Ооруп жаткандар: 21,605
    Айыккандар: 90,748
    Каза тапкандар: 1,275
  • Saudi Arabia 91,182
    Saudi Arabia
    Жуктургандар: 91,182
    Ооруп жаткандар: 22,444
    Айыккандар: 68,159
    Каза тапкандар: 579
  • China 83,022
    China
    Жуктургандар: 83,022
    Ооруп жаткандар: 69
    Айыккандар: 78,319
    Каза тапкандар: 4,634
  • Afghanistan 17,891
    Afghanistan
    Жуктургандар: 17,891
    Ооруп жаткандар: 16,051
    Айыккандар: 1,541
    Каза тапкандар: 299
  • Kazakhstan 12,067
    Kazakhstan
    Жуктургандар: 12,067
    Ооруп жаткандар: 5,779
    Айыккандар: 6,240
    Каза тапкандар: 48
  • Tajikistan 4,191
    Tajikistan
    Жуктургандар: 4,191
    Ооруп жаткандар: 1,796
    Айыккандар: 2,347
    Каза тапкандар: 48
  • Uzbekistan 3,874
    Uzbekistan
    Жуктургандар: 3,874
    Ооруп жаткандар: 844
    Айыккандар: 3,014
    Каза тапкандар: 16
  • Kyrgyzstan 1,899
    Kyrgyzstan
    Жуктургандар: 1,899
    Ооруп жаткандар: 587
    Айыккандар: 1,292
    Каза тапкандар: 20
Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
КоронаLIVE
Close
Close