БийликЖогорку КеңешСаясат
Маанилүү

60 жашын белгилеп жаткан депутат Исхак Масалиев парламенттен кете турганын жарыялады

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Исхак Масалиев («Өнүгүү-Прогресс») билдирүү жасап, мандатын тапшыра турганын айтты.

Ал Жогорку Кеңеште 15 жыл депутат болгонун белгиледи. Анын айтымында, акыркы учурларда парламентке көп сын айтылып жатат. Ошондой эле депутат төраганын, өкмөттүн ишин сынга алды.

Масалиев өлкө оор абалга келгенин айтып:

«Ушул оор акыбалга жеткирген бийликтин арасында мен да турам. Менин деле жоопкерчилигим бар да. Себеби мен сунуштаган мыйзам долбоору болобу же башка болобу жеткире алган жокмун, талап кылып, ишке ашыра албадым. Ошондуктан ушундай чечимге келдим, депутаттык мандатты 25-майда тапшырам. Ушул жаңылыкты сиздер менен бөлүшкүм келди», – деди.

Төрага Дастанбек Жумабеков бүгүн И.Масалиевдин туулган күнү экенин айтып, аны куттуктады.

Депутат 60 жашка чыкты. Ал 1960-жылы 21-майда Ош шаарында туулган. Билими жогору. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин, 1994-жылы юридикалык факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1982-1986 — Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу
  • 1986-1989 — Кыргыз мамлекеттик университетинин аспиранты
  • 1989-1993 — Ош облусунун ишки иштер органдарында кызмат өтөгөн
  • 1993-1994 — мамлекеттик салык кызматынын Ош облусу боюнча салыктык тергөөлөр бөлүмүнүн инспектору
  • 1994 — Ош облусунун Салык полициясы башкармалыгынын кызматкери
  • 1994-1995 — Ош бажыканасынын башкы инспектору
  • 1995-1997— Ош бажыканасынын жетекчисинин орун басары
  • 1997-1998— Мамлекеттик бажы инспекциясынын “Түжтүк” темир жол бажыканасынын башчысы
  • 1998-1999 — укуктук маселелер боюнча менеджер, “Югфармация” коомунун туунду ишканасы
  • 1999-2000 — “Талас-Ош” ЖЧКнын директору
  • 2000-2001 — Жогорку Кеңештин коррупцияга, көмүскө экономикага каршы күрөш маселелри боюнча эл өкүлдөр жыйынын комиссиясынын төрагасы
  • 2001-2005 — Мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жанан конституциялык мыйзам боюнча комитет башчысынын орун басары
  • 2005 — Жогорку Кеңештин депутаты
  • 2005-2006 — Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укук реформасы боюнча бөлүм башчысы комитеттин төрагасынын орун басары
  • 2006-2007 — Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укук реформасы боюнча бөлүм башчысы комитеттин төрагасы
  • 2007-2009 — Жогорку Кеңештин депутаты
  • 2009-2010 — Жогорку Кеңештин депутаттык этика жана регламенти боюнча төрагасынын орун басары
  • 2011-2012 — ККП Борбордук комитетинин төрагасы
  • 2012-2015 — КР өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик салык кызматынын төрагасы
  • октябрь, 2015 — “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутат болуп шайланган.
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button