КоомТехнология

5G технологиясы Кыргызстанга качан келет?

Кыргызстанда 5G мобилдик байланыш муунун тесттен өткөрүү боюнча уюлдук байланыш операторлоруна жыштыктан бөлүнүп берилет. Бул тууралуу Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында белгилүү болгонун Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитети кабарлады.

Комиссиядагылар 5Gны тесттен өткөрүү IoTту өнүктүрүүгө көмөк берет деген ишенимде. Убактылуу жыштыктар 3.3 миң – 5 миң МГц диапазонунда берилет.

Бир нече жыл мурда эле Кыргызстанда 4G (LTE) түйүндөрү ишке киргизилген. Анын Кыргызстанда өнүгүүсү интернеттин баасынын төмөндөшүнө, ишкерликти өнүктүрүүгө көмөк берди. 5G- моблдик технологияларды өнүктүрүүнүн кийинки баскычы болуп саналат жана ал жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр менен жаңыча тейлөөнү камсыздамакчы. Жаңы стандарт маалыматты берүүдө абдан жогору стандартка ээ.

MarketsandMarkets талдоочулары берген маалыматка таянсак, 5G рыногу 2025-жылга чейин өнүгүү үстүндө болот. Анын жылдык өсүш ыргагы 18 пайызды түзмөкчү. 5G тейлөөсү дүйнөлүк рынокто2020-жылдагы 53,9 млрд доллардан 2025-жылы 123,3 млрд долларга чейин өсүшү мүмкүн.

Толугу менен
Back to top button