АналитикаЭкономика
Маанилүү

$5 миллиардга жакын акча кантип Кыргызстандан чыгып кетип жатат?

Жергиликтүү продукция өзүбүздүн дүкөндөрүбүздө атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону күчөтүү зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 26-февраль күнү көчмө жыйында билдирди.

Өкмөт башчы Бишкек шаарындагы алдынкы «Globus» чекене соода супермаркетине барып, анда коюлган продукциялардын номенклатурасы жана көзөмөл-кассалык машинанын иши, сатыктагы ликер-арак ичимдиктеринин акциздик маркаларынын болушу менен таанышты.

«Мен ата мекендик продукция дүкөндөрдүн текчесинде кандай сатылары менен жеке таанышуу максатында борбор калаанын көптөгөн супермаркеттеринин бирин атайын кыдырууну чечтим» — дейт өкмөт башчы.

«Народный» жана «Globus» өңдүү маркеттердин Казакстандык олигархтарга таандык экенин өкмөт башчы билбейт окшойт. Чын эле ата мекендик өндүрүштү колдогусу келсе эмнеге «Фрунзеге» барып койбойт.

Премьер-министр ата мекендик өндүрүш дегенде жалаң гана өзү кармап көрүп текшерген аракты же өзү сөз кылган кондитердик азыктарды гана түшүнөбү?

Көрүп турганыңыздай Кыргызстандагы импорттун көлөмү 2019-жылдын январь-декабрь айларынын аралыгында $4 миллиард 903,8 миллионду түздү. Жыл сайын мигранттар өлкө казынасына орто эсеп менен 2,5 млрд доллар ашуун акча которушат. Ал мигранттардын акчасын Абылгазиев Казакстан менен Орусияга чыгарып жиберип, оозун ачкан бойдон калууда. Кантип?

Геологдордун баамында, өлкөдө жер алдындагы кара алтын 2 миллиард 300 миллион тонна, окумуштуулардын пикиринде 3-4 миллиард тоннага жакын. Кыргызстанда жылына 2,5 млн тонна көмүр керектейт. Сапаты жагынан стандарттарга жооп берген көмүрүбүз бар туруп эмне үчүн көмүрдү Казакстандан ташып келебиз?

Кыргызстан жылына 1 миллион 200 миң тонна буудай керектейт. Ал эми Мамматрезерв фондуна 300 миң тоннага жакын сатылып алынат. Өзүнүн буудай өндүрүүгө толук потенциалы бар Кыргызстан буудайды Казакстандан импорттойт.

Кыргызстан байланыш (телефон, интернет) үчүн жылына 15 миллиард сом коротот. Тилекке каршы ушул каражаттын басымдуу бөлүгү, тагыраагы 10 миллиард сом же болбосо $150 миллион долларга чукул каражат сыртка чыгып кетип жатат. Кантип дебейсизби? Анткени өлкө аймагында 3 уюлдук оператор бар.

  1. MegaCom («Альфа Телеком» ЖАК)
  2. Beeline («Sky Mobile» ЖЧК)
  3. O! («НУР Телеком» ЖЧК)

Бул операторлордун ар бири болжол менен жылына 5 миллиард сомдон киреше табышат.

Булардын ичинен бирөө гана улуттук оператор болгондуктан MegaCom гана тапкан 5 миллиард сомун өлкө аймагында алып калат. Ал эми Beeline менен O! чет элдик оператор болгондуктан алар тапкан 10 миллиард сомун чет мамлекеттерге чыгарып кетип жатат. Башкача айтканда өкмөт акенин кайдыгерлигинен улам өлкөдөн жылына $150 миллион доллар чыгып кетип жатат.

Араңдан атаандаштык жүргүзүп жаткан MegaCom компаниясына колдоо көрсөтмөк тургай, 345 миллион сом акча бөлдүрүп, ал акчага «Кт Мобайлды» түзүп, болушунча бут тосту. Өкмөт башчынын ата мекендик өндүрүштү колдой турган ою болгондо элдин байлыгын бажасына салып бермек эмес. Убагында дүң болгон «КТ Мобайлдын» тегерегиндеги «бажагейт» чырын өкмөт аке унутуп калган окшобойбу…

Дүкөн аралаган «арзан иштерди» өкмөт башчылыкка талапкер болчулар жасаса жарашмак. А өкмөт башчылык кызматын аркалап жаткан адамга бул өтө эле уят иш да. Кабинетинен чыкпай эле токтом токуп, кол коюп эле чечип койгондун ордуна, дүкөн аралап, арзан шоу менен алектенип калганы Абылгазиевдин абалы чатак экендигинен кабар берет….

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close