КоомОкуяларСаясат
Маанилүү

5-июнда “тажагандардын” биринчи онлайн митинги өтөт

5-июнда активисттер “Тажадым!” аттуу онлайн митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу социалдык түйүндөрдө жарыяланууда.

View this post on Instagram

Кыргызстанда биринчи жолу өтө турган онлайн-митингге чакыруу #Taжадым. Урматтуу мекендештер, Кыргызстандыктар, жерибиздин тагдырына кайдыгер карабагандар! Эгерде сиз арам иштерди кылгандардан жана уурулардан тажасаңыз Эгерде сиз эртеңки күнү кантип жан багам деп жашагандан тажасаңыз Эгерде сиз эркиндик үчүн күрөшүү бул эң негизги максат деп ойлосоңуз Эгерде сиз парламент жалгыз гана бай-манаптардыкы болушун каалабасаңыз Эгерде сиз мамлекетибиздин чекара маселелери биздин мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч жаратканын ойлосоңуз Эгер сиз эл өкүлдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер элдин ханы эмес элдин кызматчысы деп ойлосоңуз Эгер сиз бул чирип кеткен, алдамчы, жана көкмээ системаны бузуш керек десеңиз АЛГАЧ ИРЕТ ӨТӨ ТУРГАН ОНЛАЙН МИТИНГГЕ КОШУЛУҢУЗ #ТАЖАДЫМ 5 июнь 2020 ж. саат 20.00 Инстаграммда @tajadymm жана фейсбук @tajadym баракчасында түз эфир Өткөрүп ийбеш үчүн баракчага жазылыңыз! Бир жакадан баш чыгарып, бир жеңден кол чыгарып Кыргызстан элдики экенин көрсөтөбүз! Бизге чыныгы #РЕФОРМА керек, көз боё эмес!

A post shared by #Тажадым (@tajadymm) on

Маалыматка караганда, митинг фейсбук, инстаграм баракчалары аркылуу түз эфирде саат 20.00дө башталат.

“Анда чек ара маселеси, блогерлерди басмырлоо, коррупция жана башкалар тууралуу ойлорун айтышат”,-деп жазылат маалыматта.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button