КоомОкуялар

Ошто жол тескөөчү журналисттин чыры

Кечээ, 12-мартта Ош шаарындагы Гапар Айтиев көчөсү менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишиндеги гүл саткан дүкөндөрдүн алдында жол тескөөчү Бексултан Ташкулов менен журналист Жылдыз Бекбаеванын ортосунда чыр чыгып, уруша кетишти. ЖКККБнын кызматкери журналисттин үстүнөн арыз жазганын билдирди.

«Саат 11:00 чамасында болду. «BMW» үлгүсүндөгү автоунаасын мүмкүн болбогон жерге токтоткон. Аны алышы керектигин айтсам, кайра мени урушуп кирди. Документтерин сурасак бербей, «мен шашып жатам. Кызымдын концертине кетип бара жатам» деп кайра атырылды. Унаасын токтотпой, мени 2 метрдей алдыга түрттү. Жан керек экен. Качпай, капотуна жатып алдым. Андан кийин да 4 метрдей айдады. Түшүп алып жакалап, мойнумду тытып салды. Мен анын үстүнөн милицияга арыз жаздым», – деди Б.Ташкулов.

Аймактык кабарчы журналист Жылдыз Бекбаевадан окуяны сураганда, ал камерага сүйлөп берүүдөн баш тарткан. Андан кийин телефон аркылуу байланышка чыкканда пикирин билдирбей турганын айткан.

Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Рашид Сыдыков жол тескөөчү өзүнүн милдетин аткарганын айтып, милицияга арыз жазганын тастыктады.

Жол тескөөчү Бексултан Ташкулов аймактык кабарчы менен кайрадан байланышып, өз ара сүйлөшүүлөрдөн кийин тосмо арыз жазганын билдирди. Ал эми журналист Жылдыз Бекбаева жол тескөөчүсү кечирим сураганын айтты.

Булак
Turmush
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button