Коом

3-мартта Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү башталат

Биринчи Май райондук сотунда бүгүн баштапкы сот жараянында иш тууралуу маалымат берилет. Бул иш боюнча айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзү боюнча, сот жараянына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да айыпталуучу катары катышат:

“Алмаз Шаршенович сотко катышып, өлкөдөгү мыйзамсыздыкка, адам укугун бузулуусуна, баш-аламандыктарга каршы чыгып, өз позициясын билдирип чыккан адамдардын жанында болом деп билдирген. Бүгүнкү соттук териштирүүдө экс-президент катышуусу күтүлүүдө”.

Кундуз Жолдубаеванын маалыматына караганда, Кой-Таш окуясына байланыштуу 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен бешөө тергөө менен кызматташууга макул болушкан. Жолдубаева сотту жабык өткөрүү аракети күтүлүп жатканын кошумчалап, жараянды ачык өткөрүүнү соттон өтүнүшөрүн кошумчалады.

Булак
azattyk.org
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close