Ден-соолукКоом

29-март саат 20.00гө карата абал кандай?

2020-жылдын 29-марты КРде саат 20.00гө карата абал кандай? Эң негизги учурларды атай кетели.
➡ Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаңы учуру катталды.

Ошентип, республика боюнча илдетке кабылган адамдардын жалпы саны — 58ден 84кө жетти.

Алардын ичинен 3 бейтап реанимацияда, абалы — оор. Коронавируска чалдыккан бейтаптар кайсы райондордо экендиги тууралуу маалыматты биздин фото жана видео статистикадан көрө аласыздар.

🚹 Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча 4886 жаран обсервация режиминде, үй карантининде — 3338 адам.

🚑 Бир сутка ичинде медицина кызматкерлери эпидемиологиялык очокторго 2140 жолу барып келишти.
🚐 Түштүк аймагына дарыгерлердин мобилдүү тобу жөнөтүлүп жатат. Алардын жалпы саны 14-15 дарыгер, реаниматологдор, пульмонологдор жана эпидемиологдор.

🙌 Талас облусунда бир катар уюмдар жана жеке ишкерлер 227 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 1 кап ундан жана 25 кг күрүч таратышты. 🙌 Чет өлкөдө Ош облусунун Ноокат районундагы мекендештерибиз акча каражаттарын чогултуу үчүн эсеп ачышты. Чогултулган акча каражатына биринчи обсервацияда болгондордун шартын жакшыртуу үчүн керебеттерди, жууркан-төшөк, жана шейшептерди сатып беришти.
🙌 Баткен облусунда муктаж болгон үй-бүлөлөргө жалпы 183 тонна ун, 1013 кг макарон, 8589 литр өсүмдүк майы, 775 кг күрүч, 874 кг кумшекер берилди.

🚜 Ош облусунда жазгы талаа жумуштары башталды, 12 607 га жер айдоо болуп 2070 га жаздык буудай, 3880 га арпа, 53 га картошка, 48 га жүгөрү, 48 га жашылча эгилди.

👆 Бишкек шаарынын комендантынын маанилүү билдирүүсүн белгилей кетсек. 1-2 күндүн ичинде өзгөчө абал учурунда өткөрмөлөр электрондук түрдө бериле баштайт. Күнү-түнү милиция кызматкерлери, күч органдары сиздердин коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат.

⛔ Ошентип, 20-00дө коменданттык саат башталат! Медиктер, энергетиктер, ӨКМ, ИИМ жана башка маанилүү кызматтар силер үчүн 24/7 режиминде иштөөнү улантышат.

👥 Коменданттар жарандарды коменданттык саатты бузбоого ишенимдүү чакырышат, мыйзам бузгандарга тиешелүү жоопкерчилик тагылат.

Ошондуктан #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла, ошондо биз #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт