Окуялар

24.kg сайтына хакердик DDos чабуулу коюлду

“Урматтуу окурмандар! Биз көпкө унчукпадык, эми ачык айтууга мезгил келди. Биздин сайт бир нече күндөн бери DDos чабуулуна кабылууда. Биз сиздерге сезилбеши үчүн болгон аракетибизди жасап жатабыз, бирок кээде колдон келбей калууда” – деп айтылат сайттын билдирүүсүндө.

24.kg маалымат агентигинин жамааты тоскоолдуктарды жеңип, маанилүү темаларды чагылдыра берерин кабарлады. Бирок кайсы материал чабуулга себеп болгонун билдире элек. Учурда сайт ачылып жатат.

Буга чейин Матраимовдордун туугандары боюнча иликтөө чыгарган Factcheck.kg сайтына хакердик чабуул болуп сайт ачылбай калган. Factcheck.kg сайтынын иликтөөсүн кайра баскан kaktus.media, economist.kg, pk.kg, vb.kg жана kloop.kg сайттарынын ишинде да кыйынчылык жаралган. “Kloop” басылмасы муну DDoS чабуул экенин жазып, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бир канча басылма бир убакта мындай чабуулга кабылганын билдирген.

DDoS-чабуул бул – сайтты бузуу үчүн серверге бир эле учурда бир канча жол менен аракет кылуу.

Иликтөө макалада Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана уулунун кымбат сааттары, кийим-кече, асем жасалгалары жана автоунаасы тууралуу маалыматтар камтылган. Анда Матраимовдун үй-бүлө мүчөлөрү 2015-2017-жылдары социалдык сайттарга чыгарган сүрөттөрүндөгү буюмдарынын баасы такталып, иликтөөчүлөр алардын жалпы суммасы 24 миллион сомдон кем эмес турат деп баалашкан.

Ошол эле маалда Райымбек Матраимовдун 2015-2016-жылкы декларацияларындагы кирешеси да, чыгашасы да бул суммага жетпейт. Эки жылда Матраимовдун үй-бүлөсү 15,6 млн. сом тапканын гана көрсөткөн.

Чабуулга кабылган сайттар муну ушул макаладан кийин атайын жасалган деп божомолдошкон. Матраимовдордун үй-бүлөсү буга комментарий берген эмес.

Толугу менен
Back to top button