ДүйнөКоомМаданият

2020 ислам дүйнөсүнүн маданий борбор шаары Каир менен Бухара

Египеттин борбор шаары Каир менен Өзбекстандын Бухара шаары 2020  ислам дүйнөсүнүн маданий борбор шаары болуп жарыяланды.

Тунис 2019  ислам дүйнөсүнүн маданий борбор шаарынын жабылуу программасында исламдык билим берүү, илим жана маданият уюму  ISESCO Каир менен Орто Азия аймагындагы Бухаранын 2020  Ислам дүйнөсүнүн маданий борбор шаары болуп тандалгандыгын билдирди.

Жабылуу программасында сөз сүйлөгөн ISESCOнун башкы директору Салим бин Мухаммед ел  – Малик бул программа менен ислам өлкөлөрүнүн арасында маданий өнүгүүнү колдоону максат кылышкандарын айтты.

Тунистин да тектүү исламдык өтмүшү жана маданий тажрыйбасынан улам 2019 – жылы маданий борбор шаар болгондугун эске салган Малик ISESCOнун ислам илимдери жана маданиятынын колдоого алынышы үчүн көп эмгектенген Ибн  –  и Халдундун Тунистеги үйүн рестоврациялай тургандыгын белгиледи.

Тунис маданият министри Мухаммед Зейнелабидин болсо ислам дүйнөсүндө маданий саясаттардын өнүктүрүлүшүнүн маанисин баса белгиледи.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button