Дүйнө

2020-жылдагы космоско сапар ийгиликтүү ишке ашты

2020-жылдагы алгачкы космос сапары ийгиликтүү ишке ашты. NASAнын Жессика Меир жана Кристина Коч аттуу аял космонавттары Эл аралык космос станциясынын сырткары чыгышты. Алар станциянын Күн панелинин түгөнүп калган никель-суутек батареясын чыгарып, ордуна литий-ион батареясы менен алмаштырышты.

Татаал иш алты жарым саатка созулары күтүлгөн. Бирок техникалык бузулуулардан улам андан да кеч аяктады.

Бул эки астронавт өткөн октябрь айында космостогу лабораториялардан тышкары алгачкы космоско сапарын ишке ашырган. Ал аял космонавтардан турган сапар катары тарыхка жазылган. Бул топ 20-январда үчүнчү ирет космоско барып, батареяларды алмаштырат.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button