КоомМыйзам жана укукСаясат

№2 формасы менен канча жаран шайлоо участогун алмаштырды?

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекова айрым партиялар №2 формасын кээ бир участоктордо көбүрөөк добуш алуу үчүн пайдаланып жатышканын мойнуна алды.

Ал бүгүн, 24-сентябрда Бишкек шаарындагы басма сөз жыйында билдиргендей, №1 формасы (катталган жерин алмаштыруу) жана №2 формасы (шайлоо участогун алмаштыруу) менен кайрылгандардын жалпы саны 488 миң 873 адамды түздү. Алардын ичинен 481 миң 950 адам №2 формасы менен кайрылган.

№1 формасы менен кайрылгандар:

– Ош облусунда — 2773;

– Жалал-Абад облусунда — 2026;

– Чүй облусунда — 473;

– Ош шаарында — 441;

– Талас облусунда — 396;

– Нарын облусунда — 231;

– Бишкек шаарында — 226;

– Ысык-Көл облусунда — 86.

№2 формасы менен кайрылгандар:

– Бишкек шаарында — 151 миң 557;

– Чүй облусунда — 114 миң 585;

– Жалал-Абад облусунда — 57 миң 387;

– Ош облусунда 55 миң 589;

– Ош шаарында — 42 миң 467;

– Талас облусунда — 18 миң 758;

– Нарын облусунда — 16 миң 617;

– Ысык-Көл облусунда — 15 миң 999;

– Баткен облусунда — 7 миң 213;

– Тышкы иштер министрлиги аркылуу — 1620.

БШКнын башчысы башка жылдары дагы №2 формасы менен кайрылгандар көп болгонун билдирди. Анын айтымында, 2015-жылы 297 миң 327 адам №2 формасы менен кайрылып, шайлоо участокторун алмаштырышкан. Бул ошол жылдагы жалпы шайлоочулардын 10 пайызын түзгөн.

Ал эми 2017-жылы 315 миң 461 адам шайлоо участокторун алмаштырган.

«Айрым адамдар №2 формасы менен объективдүү себептер менен кайрылса, мисалы жумушка же окууга байланыштуу башка жакка көчүү, айрым партиялар №2 формасын белгилүү бир участоктордо көбүрөөк добуш алуу үчүн пайдаланууда», – деди Шайлдабекова.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button