Дүйнө

18 жаштагы студент Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн мугалимдин башын алды

Франциянын Конфлан-Сент-Онорин шаарында студенттерге Мухаммед пайгамбардын карикатураларын көрсөтүп жаткан тарых жана география сабагынын мугалиминин башы кесилди. Алдын ала маалыматка караганда, мугалимди чечен улутундагы 18 жаштагы студент өлтүргөн. Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери ага ок атышкан. Франциянын президенти Эммануэль Макрон окуяны «теракт» деп баалады.

Полициянын маалыматына караганда, 5-октябрда сөз эркиндигине арналган сабак учурунда өлтүрүлгөн мугалим окуучуларга Мухаммед пайгамбардын карикатураларын көрсөтүп жаткан. Ошол сабактан кийин мугалимге окуучуларынын ата-энелеринен коркутуулар түшүп баштаган. Жергиликтүү гезиттин [Le Figaro] маалыматы боюнча, мугалим бул коркутуулар боюнча полицияга да кайрылган.

16-октябрда Париж убактысы боюнча саат 17:00 чамасында мугалимге мектептин жанында кол салуу болгон. Кол салган студент аны мууздап салган. Шектүү окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлерин коркутууга аракет кылган, бирок ага ок атылып, өлтүрүлгөн.

Студент мугалиминин өлүмүн сүрөткө тартып, Твиттерге жарыялаганга жетишкен. Сүрөт «бузукуларды» жана президент Макронду коркуткан жазуулар менен коштолгон.

Шектүү 2002-жылы Москва шаарында төрөлгөндүгү белгилүү болду.

Булак
barakelde.org
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button