Ден-соолукКоом
Маанилүү

14-апрель: COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталды. Жалпы — 430

2020-жылдын 14-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталды.
Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы саны — 430.

Жаңы катталгандардын ичинен:
Бишкекте – 8
Чүй облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 2
Жаӊы учурлардын ичинен 6 аял, 5 эркек.

Жалпысынан:

Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 128
Ош ш. – 59
Чүй облусунда – 28
Бишкек ш. – 77
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6.

Катталган учурлардын ичинен 230 аял, 200 эркек.

“Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 71 бейтап ооруканадан чыгарылды”, — саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Эске салсак, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 100 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):

Жакын байланыштар (I категория) – 1 417
Башка байланыштар (II категория) – 5 683

Кыргызстан боюнча обсервацияда 974 адам жатат

 

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт