АналитикаСаясат

К. Мурзахалилов: “Салафизмди Борбор Азия өлкөлөрү биргелешип көзөмөлгө албаса, аймакка коркунуч жаратышы мүмкүн”

Ислам дининин бир бутагы болгон салафизм кайдан келип чыккан, бул агымдын Борбор Азия мамлекеттеринде ишмердүүлүгү кандай жана көздөгөн максаты эмне? Биз ушул жана башка суроолордун тегерегинде Кыргызстандагы белгилүү дин маселелери боюнча эксперт, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун мурдагы орун басары Канатбек Мурзахалилов менен маектештик.

— Канатбек мырза, Кыргызстанда жана жалпы эле Борбор Азия мамлекеттеринде ислам дининин салафизм багытынын ишмердүүлүгү кандай абалда жана алар кандай максатты көздөйт?

— Бул суроонузга жооп берерден мурда окурмандарга салафизм же салафийлик деген сөздүн мааниси тууралуу кыскача түшүнүк бере кетели. Салафизм же салафийлик деген сөздү этимологиялык түшүнүктөн алып караганда, бул “мурункулар” же “алгачкылар” деген маанини туюндурат.  Салафийликтин системалуу түрдө калыптанып, өнүгүүсүнө орто кылымда Ибн Таймия жана анын шакирти Ибн Каййим ал-Жазия деген аалымдардын салымдары чоң болгон. Ал эми XVIII кылымда болсо Мухаммад Ибн Абдулвахаб деген салафизмди андан ары өнүктүрүп, мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыккан. Ошонун негизинде вахабизм деген агым пайда болгон. Бирок вахабисттер өздөрү  “вахабизм” деген ысымды көп колдонушпайт. Азыркы кезде вахабийлер диний ишениминде өздөрүн салафибиз деп аташат. Салафизм өзү да ичиненбир нече топко  бөлүнүп кетет. Сабырдуу салафилер, ошол эле учурда ашынган салафийлер, тахфирчилер, жихадчы салафийлердин бар экендиги айтылып жүрөт.

Ал эми Борбордук Азия чөлкөмүнө келгенде, салафийлик кыймыл мисалы, Тажикстанда мамлекеттик деңгээлде соттун чечими менен тыюу салынган. Андан кийин Казакстанда да бул кыймылга тыюу салынып, салафийдин такфириттик багыты коркунучтуу деп аталып жүрөт. Мындан сырткары, Сирия менен Ирактагы чыр – чатактарда, “Аль-Каида”, “Талибан” кыймылдарынын катарында салафийлик көз карашты колдонгондор көп болгондугу көптөгөн аналитикалык материалдарда чагылдырылган.

Борбордук Азия өлкөлөрүндө болсо, азыркы учурда дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынын мезгилинде бул кыймылдын иш аракети башка кыймылдар сыяктуу эле тынч абалда тургансыйт.

Бирок салттуу түрдө калыптанып калган биздин ханафий мазхабы менен теологиялык көз караштан алып караганда каршылаш жактар бар. Эми такфириттик-жахаддык агымдарга каршы мамлекеттик органдар дагы превентивдүү иш чараларды көрүшү зарыл.

— Борбор Азия мамлекеттеринин салафизмге каршы биргелешкен, координацияланган иш аракеттери барбы?

— Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ), Жамааатык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) алкагында тыйуу салынган террордук-экстремисттик агымдардын бирдиктүү тизмелери бар. Террордук, деструктивдүү агымдардын ишин алдын алуу боюнча түрдүү эл аралык, эки тараптуу келишимдерге кол коюлган. Борбор Азия мамлекеттеринде ушул кабыл алынган чечимдердин алкагында иш жүргүзүлөт. Андан кийин ар бир мамлекеттин Улуттук коппсуздук жана башка күч органдарынн деңгээлинде биргелешкен, өз ара маалымат алмашкан иштер жүргүзүлөт. Мындан тышкары мусулмандар дин башкармалыгынын ортосунда салафийликтин терс жактарын, такфириттик-жихаддык агымдарга каршы биргелешип, координацияланган иштерди жасашууда. Буга Борбор Азия өлкөлөрүнүн муфтийлеринин жолугушуулары, ар түрдүү регионалдык, эл аралык конференцияларда жолугушуулары, бири-бири менен тажрыйба алмашуулары айкын мисал болуп саналат. Мындай иштер өз кезегинде жергиликтүү деңгээлдерде да улантылып жатат. Мисалы, Кыргызстандын мисалында айта турган болсок, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү белгилүү дин аалымдарынын китептери кыргыз тилине, кыргыз дин аалымдарынын китептери боррдош тилдерге которулуп, маалымат алмашуу иштери жүргүзүлүүдө.

— Салафизмди Борбор Азия чөлкөмүндө жайылтуунун максаты эмне жана чөлкөмгө коркунучу жокпу?

— Ооба, туура айтасыз, салафизмдин Борбор Азия аймагында жайылуусу даана байкалууда. Алардын башка агымдар менен атаандаштыгы, бул — көз караштардын, идеологиялардын кагылышы катары мүнөздөсө болот. Бирок салафизм менен башка агымдардын ортосундагы атаандашуу курчуп кетеби же тынчып калабы? Бул чоң суроо. Мындай кооптонуу албетте, мамлекеттик деңгээлде каралыш керек. Мамлекет динге комплекстүү түрдө мамиле кылуусу зарыл. Бул биринчи кезекте билим берүү тармагында диний билим берүү сабактары киргизилип, коомчулукка, айрыкча мектеп окуучуларына дин тууралуу туура түшүнүк берилиши керек. Андан кийин ханафий мазхабынын матрудий акыйдасы дин жаатындагы концепцияда дагы өлкө мусулмандары тутунган негизги багыт катары көрсөтүлгөн. Бирок Борбордук Азия өлкөлөрүндө, анан ичинде Кыргызстанда исламдын ичинде көп жамааттар, агымдар бар. Булардын ичинде да өз ара атаандаштык орун алган. Биздин Конституцияда дин тутуу эркиндиги белгиленген. Ошондуктан дин тутуу эркиндигин туура багытта, мыйзамдарда көрсөтүлгөн чекте тутунуу үчүн эң алгачкы калкыбыздын диний билим деңгээлин көтөрүүгө  көңүл бурулууга тийиш. Бул багытта мамлекет тез арада кырдаалды өз көзөмөлүнө алып, оюн эрежесин аныктаган арбитр катары милдетти аткарууга тийиш.

Бул үчүн жалпы эле Борбор Азия мамлекеттеринде динге тешелүү мыйзам актылар мезгилдин талабына жараша өзгөртүлүп, мамлекеттик деңгээлде дин саясатын кайрадан карап чыгууга убакыт келип жетти.

— Бул айтканыңыз Кыргызстанга гана тиешелүүбү?

— Жок. Жалпы эле Борбор Азия мамлекеттерине тийешелүү. Сөзүмдүн башында айтып кеткендей, салафизмге кошуна мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.. Ал эми Түркмөнстандагы абал баардыгыбызга белгилүү, бул мамлекетте өтө каттуу, автократиялык бийлик бар. Ошол эле учурда Өзбекстанда да диний саясат мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө экендиги баарыбызга белгилүү. Ал эми Кыргызстандагы бийликтин демократиялуу экендигине байланыштуу диний саясаттын оң да, терс да жактары болууда. Ошол эле учурда экстремисттик диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө мыйзамдык жактан бөгөт коюлду. Учурда 2003-жылдан 2017-жылга чейинки ар түрдүү соттук инстанциялардын чечими менен Кыргызстандын аймагында 21 уюм террордук-экстремисттик деп табылып, өлкө аймагында алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Бул тизмеге салафиттик багыттагы диний уюмдар да кирген. Алар Аль-Каида, Талибан жана башка уюмдар. Кыргызстандын ичиндеги салафийлик идеянын жактоочулары өзүңүз деле жума намазга жана башка учурларда байкап жүргөндүрсүз, диний табынуу, кийинүү стилинде айырмачылыктар бар. Кээ бир башка этникалык топтордун жаштары, мисалы, уйгур улутундагылар менен шаардык орус тилдүү жаштардын салафизмге ыктагандыгы байкалууда.

— Демек, мамлекет салафизмди көзөмөлгө албаса, өлкөнүн коопсуздугу үчүн коркунуч жаралып кетиши мүмкүн экен да?

— Салафизм деп айтылган менен алар өз ичинен да бөлүнүп кетет деп сөзүбүздүн башында айттык го. Алар сабырдуу салафийлер, ашынган салафийлер, такфириттик салафийлер, жихаддык салафийлер. Мисалы,  сабырдуу же байистүү салафийлер радикал-экстремисттик көз караштан алыс. Булар өздөрүн сууди салафийлер деп айтышат да, башка мусулмандарды четке какпаган, каапыр деп күнөөлөбөгөн мусулмандар. Алар жихаддык жана башка экстремисттик көз караштардан алыс. Ал эми жихадчы салафийлер жихадды, согушту негизги принцип катары тандайт. Мисал катары айтсак, булар “Аль-Каида” тобун,  “Талибан” кыймылын, Жума Намангани менен Тахир Юлдашев  негиздеген азыр “Туркестан ислам кыймылы” деп аталган “Өзбекстан ислам кыймылын”, “Чыгыш Туркестан ислам кыймылын”, “Куфр аль-Хижра” деген кыймылды, “Жаамат исламия” деген уюмдарды жихаддык-согуштук көз карашты кармангандардын катарына кошсок болот. Булар өздөрүнөн башка мусулмандарды каапыр деп эсептешет жана айыпташат.

— Анда салафийлер ич ара деле бири-бири менен каршылашат турбайбы.

— Ич ара каршылашуу бир гана салафийлерге тиешелүү эмес. Себеби дүйнөдөгү башка диндердин деле ортосунда, ошол эле христанчылык, иудаизм, буддизм, улуттук диндер болуп саналган синтоизм, конфуцийлик, даосизм сыяктуу көптөгөн диндердин ортосунда ар кандай агымдарга бөлүнүүчүлүк бар. Буларда деле идеологиялык жактан карама-каршылыктары жок эмес. Ал эми биз бир гана салафизмдин такфириттик-жихаддык багытынан коркушубуз керек. Булардын 2013-жылдан 2018-жылга чейин бир кезде адамзат цивилизациясынын очогу болгон Сирия менен Иракта адам канына забын болуп, маданий жайларды талкалап, күлүн көккө сапырышы бул айткандарыбызга далил болот.

— Бүгүнкү күндө алар өзүңүз белгилеген Сирияда жеңилип, андан кийин Ооганстанга көчкөндүгүн дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышууда. Эми алар Борбор Азия чөлкөмүнө коркунуч жаратпайбы?

— Ооба, Сирия менен Иракты байырлап, жеңилүүгө учураган “Ислам мамлекети” террордук  уюмунун тирүү калган мүчөлөрү Афганистан менен Пакистандын чегиндеги Вазиристан аймагына көчүштү. Алар андан кийин ал жактагы Талибан, Түркстан ислам кыймылы жана башка уюмдар менен биригип кетти деген маалыматтар бар. Албетте, булардын биздин чек арабызга жакындашынан улам жаралган коркунучту четке какканга болбойт. Ошол эле учурда Борбор Азия мамлекеттеринин ич ара чек ара, суу жана башка талаштары бар. Биз бул коркунучту бир гана нерсе менен – регионалдык кызматташуунун негизинде жеңе алабыз. Эл аралык деңгээлдеги террорчулук жана экстремизмге каршы күрөшкөн уюмдар менен биргелешип маалымат алмашуу, бири-бирине колдоо көрсөтүү менен бул коркунучтун алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Террорчулук, экстремизм бир гана Кыргызстан же Борбор Азия өлкөлөрү эмес, бүткүл дүйнө жүзү үчүн чоң көйгөй болуп санала. Бул коркунуч босогобузду аттап, каалгабызды каккылап турат…

— Акыркы жылдары Американын мурдагы жана азыр шайланган президенттери Афганистандан өз аскерлерин толук чыгарып кетпесе да, жок дегенде санын кыскартууну жарыялоодо. Алардын бизге кошуна Афганистандан өз жоокерлеринин санын азайтышы террордук-жихаддык уюмдарга кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

— Афганистандагы согуш башталгандыгына элүү жылга жакындап калды. Бул окуяны эки чоң держава: Америка менен мурдагы СССРдин ортосундагы карама-каршылык, согуш деп мүнөздөсөк да болот. Эми Афганистандагы террордук уюмдарды алсыратуу же кайра күчтөндүрүү Американын өзүнүн гана каалоосуна көз каранды. Менимче Американын Афганистандагы аскерлеринин саны кыскарышы бул өлкөдөгү террордук уюмдардын аракетин олуттуу өзгөрүүлөргө алып келбейт. Албетте, террорчулукту бир гана мамлекет ооздуктай да албайт. Бул жерде баса белгиленгендей, эл аралык уюмдар биргелешип иш жүргүзгөндө гана алардын аракетин басаңдатууга болот.

— Эгер СССР кыйраган акыркы отуз жылды алсак, мурдагы советтик идеология кошо урап, коомдо идеологиялык боштук пайда болуп, ошол эле жагдайды диний түшүнүктөр ээлеп, өзүңүз белгилегендей, биздин Кыргызстанда ар кандай диний уюмдардын ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүк жаралды. Сиз мындан аркы кырдаалга кандай божомол айта аласыз?

— Советтер Союзунун Баш мыйзамында светтик – дүйнөбий мамлекет деп көрсөтүлгөн менен иш жүзүндө атесттик мамлекет болгон. Ошол калыптанып калган түшүнүк бүгүн да талаш-тартыштарды жаратып жатат. Азыр бизде талкууланып жаткан Конституциялык реформанын алкагыныда да “светтик” деген сөздү алып салуу керек деген пикирлер айтылып,  талылуу темаларынын бирине айланууда. Светтик классикалык маанисинде айтканда, динден тыш мамлекет деген эмес, диндердин өнүгүүсүнө мамлекет баардык жагынан шарт түзүп берет деген түшүнүк. Дүйнөлүк алкакта Иран, Сауд Аравиясы, Ватикан сыяктуу теократиялык мамлекеттер бар. Андан башка бир динди мамлекеттик деп тааныган Улуу Британия сыяктуу өлкөлөр бар. Мисалы, Англиянын ханышасы бир эле мезгилде мамлекеттин да, чиркөөнүн да башчысы катары таанылат. Ошол эле учурда динге мамлекет чектөө киргизбеген мамлекеттер бар.

Бүгүнкү күндө биздин өлкөдөгү диний кырдаал туруктуу-чыңалуу абалында. Себеби мамлекет дин маселелерин толук чече алган жок. Кээ бир жерлерде кырдаал туруктуу болгон менен, башка аймактарда чыңалуулар да орун алууда. Мисалы, исламдын эле ичиндеги ар кайсы агымдардын өз ара атаандашуусу, түрдүү диндерди карманган кыргыз жарандарынын бири-бирин түшүнбөөчүлүк маселеси, диний плюрализмдин аздыгы. Негизгиси, диний чөйрөнү тескеген мыйзамдардын учурдун талабына ылайык иштелип чыкпагандыгы.

“Көч бара бара түзөлөт”,- демекчи, акырындап бул маселелер жолго коюлат. Эң негизгиси, мамлекет өзүнүн дин менен болгон моделин аныктап чыгыш керек. Иштөө моделин аныктагандан кйин биз кайсы бир утурумдук жагдайга же башка мамлекетке окшошууну каалабай, илимий негизге таянган узак мөөнөттүү стратегия иштеп чыгуубуз керек.

— Өзүңүз жакшы билгендей, мындан бир жыл мурда Иран Ислам Республикасынын КУДС атайын бөлүгүнүн командири Касеми Сулеймани Иракта террорчулар тарабынан шейит болду. Анын өлтүрүлүшү албетте, бир держава тарабынан атайын буюртма болгондугу белгилүү. Бул жааттан алып караганда, диний-экстремисттик уюмдардын артында кайсы бир күчтөр турат деп айтууга болобу?

— Генерал Касеми Сулейманинин өлүмү дүйнөлүк алкакта белгилүү деңгээлде резонанс жараткан окуяга айланганын баарыбыз билебиз. Сиздин суроого кескин турдө “ооба” же “жок” деп айтуу кыйын. Бул маселе академиялык же аналитикалык изилдөөлөрдүн алкагында чечиле турган маселе эмес. Бул ири державалардын өз кызыкчылыктарын, таасирин кайсы бир дүйнөнүн кайсы бир аймагында орнотууга жасаган аракетинин арты менен болушу толук мүмкүн.

Автору
Маектешкен Эмилбек Момунов.Асанбек Каракозуев
Булак
kg.eurasiatoday.ru
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт