БийликДен-соолукКоомӨкмөт
Маанилүү

1-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 69 учур катталды. Жалпы саны — 1817

Бүгүн, 1-июнга карата Кыргызстанда дагы 69 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы бейтаптар Бишкек шаарында, Нарын жана Чүй облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1817 адамга жетти. Акыркы суткада 11 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.  Республика боюнча жалпы 1181 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

  • Бишкек шаарында 21 адам
  • Чуй облусунда 6 адам
  • Нарын облусунда 14 адам.
  • Ош ш. — 9
  • Ош облусу — 1
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close