КоомӨкмөт

1-июндан тарта эс алуу үйлөрү жана пансионаттар иштей баштайт

Бүгүн, 29-майда өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 1-июндан тарта кайсы тармактарга иштөөгө уруксат бериле турганын айтып берди.

Ал буга чейин экономиканын тармактары этап-этабы менен ишке киргизилгенин белгиледи.

1-июндан тарта ишке киргизиле турган тармактар:

— керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатыктагы иштин бардык түрлөрү;

— калкты тейлөө тармагындагы иштин бардык түрлөрү;

«Буга чейин кээ бир калкты тейлөө тармактарын ишке киргизгенбиз. Калган бардык калкты тейлөө тармактары 1-июндан тарта иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат», — деди Боронов.

— аудит жана консалтинг компаниялары;

— жарнама агенттиктери;

— туристтик жана эс алуу жайлары (эс алуу үйлөрү, пансионаттар, тарыхый жайлар).

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close