ВидеоКоомОкуялар

Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг

17-февралда Ат-Башы районунда соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп жатат. Чогулгандар өкмөт борбордун курулушу боюнча токтомун жокко чыгарышын талап кылышууда. Митингде чыгып сүйлөгөндөрдүн бири мындай деди:

«Бул токтом 2020-жылдын 28-февралында жокко чыгарылбаса Ак үйдүн алдында президент Сооронбай Шариповичти жоопко тартуу маселесин көтөрүүгө чакырам».

Акцияга 2 миңден ашык киши катышып жатат. Ал эми Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субакожоев иш-чарага 300-400 киши катышып жатканын билдирди.

Жыл башынан бери Нарын облусунун Ат-Башы аймагында жаңы курулушка каршы жыйындар жана нааразылык акциялары байма-бай өтүп келатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 5-февралда парламентте сүйлөп жатып, «Ат-Башыда логистикалык борбор салууга жергиликтүү эл каршы эмес, элди социалдык тармактардагы 20-30 киши эле дүрбөтүп жатат» деп айткан.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда, мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок.

Курулушка каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген аймак жайыт экенин белгилеп, кийин Кытайга биротоло өтүп кетет деп чочулашат. 2000-жылдардын башынан бери эле жергиликтүү бийлик Ат-Башыга соода терминалы салынарын билдирип, инвестор издеп келет.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button