БийликДен-соолукКоом

Өзгөчө кырдаал режими кандай болот?

Кыргызстандын аймагында 22-марттан тарта өзгөчө кырдаалдар режими киргизилет. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кечки онлайн маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар режими тууралуу түшүндүрүп берди.

«Сөзсүз түрдө элдин, жарандардын бир жерден экинчи жерге барышы кыскартылат. Өтө муктаждык жок учурда бир шаардан экинчи шаарга, бир райондон экинчи районго барууну кыскартуубуз зарыл. Баарыбыз жакшы билебиз, бизге чейин коронавирус болгон өлкөлөрдө байланыштарды элдин арасында азайтуу жолу менен жугуштуу оорунун тарап кетишин азайтуу маселеси абдан эффективдүү чечилген.

Өзгөчө кырдаалдар режиминде дагы карантин болуп, элге муктаждыгы жок башка жактарга, эл көп чогулган жерлерге барууга тыюу салуу иштери жүргүзүлөт. Мамлекеттик органдар, бизнес чөйрөсү, экономикалык иштер менен алектенген, сатып алуу же кайсы бир региондорго, Кыргызстанга тамак-аш ташуу маселелеринде эч кандай тыюу болбойт. Булар буга чейин кандай иштей турган болсо, максималдуу түрдө ошого жакын шарттарды түзүп берүү үчүн мамлекеттик органдар иштешет.
Бул негизинен сунуш катарында болот.

Шаар ичиндеги каттамдар боюнча айтсак, бул киргизилген шартты жарандарыбыз түшүнүү менен кабыл алып, муктаждыгы жок болсо сыртка чыкпаганга аракет кылат деп түшүнөбүз. Ошондуктан шаардык транспорттун каттамы да азайтылат. Себеби, оорунун жугушуна шарт түзгөн коомдук транспорттор болуп жатат. Колдон келишинче азайтууга аракеттерди жумшайбыз.

Бул чектөө эмес, кайсы бир ишканалар, мамлекеттик органдар иштөө шарттарын ушул режимге карата түзсө болот, – деп түшүндүрдү Кубатбек Боронов.

Өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизилип жатканына байланыштуу Бишкекте коомдук унаалардын ишине чектөө киргизилет – чоң менен кичи автобустар. Ал эми троллейбустар кадимки тартип иштеп, каттамдары өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Троллейбустар жүрө турган каттамдар:

  • №4 – «Эт комбинаты – Булгаары заводу»;
  • №5 – «Аламүдүн базары – Жал кичи району»;
  • №7 – «Ак-Өргө конушу – Тунгуч кичи району»;
  • №8 – «Лермонтов көчөсү – Ак-Өргө конушу»;
  • №9 – «Жер иштетүү институту – Аламедин-1 кичи району»;
  • №10 – «Эт комбинаты – Асанбай кичи району»;
  • №11 – «Асанбай – Чыгыш автовокзалы»;
  • №14 – «Жал кичи району – Киркомстром»;
  • №17 – «Булгаары заводу – Асанбай кичи району».

“Урматтуу шаар тургундары үйдө отурууңуздарды жана шаарга чыкпашыңыздарды сурайбыз. Колду самындап жууп, антисептик менен сүртүп туруңуздар”, – деп кайрылат шаар тургандарына мэрия.

Троллейбустардын иши боюнча Бишкек троллейбус башкармалыгына 0559733866 номерине кайрылууга болот.

21-марттагы кечки маалымат боюнча, Кыргызстанда жалпы 14 адамда коронавирус аныкталды. Алардын ичинен экөө Бишкекте, бири Баткенде, үчөө Ноокатта жана сегизи Сузакта.

Толугу менен
Back to top button