Дүйнө
Маанилүү

Өзбекстандын президентинин жубайы менен кызы суу сактагыч жарылганда жабыркаган аймакка барды

Өзбекстандын президентинин жубайы Зироат Мирзиёева менен кызы Саида Мирзиёева Сардөбө суу сактагычы жарылганда жабыркаган аймакка барышты. 21-майдагы сапардын жүрүшүндө ошол аймактан куткарылган жашоочулар менен жолугушкан. Бул маалыматты З.Мирзиёева жетектеген «Zamin» эл аралык коомдук фондунун басма сөз кызматы таратты.

Жолугушууда «Zamin» фонду менен Өзбекстандын профсоюз федерациясынын колдоосунда суу сактагыч жарылганда жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлө турганы айтылды. 60 жаштан жогорку жашоочулар санаторийлерде акысыз дарыланып, 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар жайкы ден соолукту чыңдоо лагерлеринде акысыз эс алышат.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close