Дүйнө
Маанилүү

Өзбекстанда «Сардаба» суу сактагычынын жетекчиси камакка алынды

Ушул жылдын 1-майында Өзбекстандагы Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычында дамба жырылып кеткен. Бул иш боюнча тергөө башталып, Өзбекстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы 19-май күнү «Сардабо» суу сактагычынын объекттерин иштетүү жана өнүктүрүү үчүн түзүлгөн дирекциянын жетекчиси Фахриддин Данабоевди камакка алган.

Өзбекстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы ошол эле күнү «Өзбекстан темир жолдору» АК мекемесине бул боюнча маалымдама жиберген.

Өзбекстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын маалымдамасы

Расмий маалыматтарга караганда¸ 33 жаштагы Данабоев Өзбекстандын кылмыш жана жаза кодексинин 207-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сардаба суу сактагычындагы кырсыкка күнөөлүүлөр ким экенине карабай жазаланарын билдирген.

«Кандайдыр божомолдор, ушактар болбошу керек. Менин тапшырмам менен укук коргоо органдары бейтарап тергөө иштерин башташты. Ишенип койгула, ээлеген кызматына карабастан бардык күнөөлүү адамдар жазаланат», — деди Мирзиёев.

Ушу тапта өлкөдөгү ГЭСтер, плотиналар жана башка гидроэнергетикалык курулуштар текшерилип жатканы кабарланууда.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close