Коом

Өзбекстанда митингге катышкандар “башаламандыкты уюштуруучулар” деп аталды

Өзбекстан Башкы прокуратурасы эки күн катары менен өкмөт үйүнүн алдына чогулгандарды “башаламандыкты уюштуруучулар” деп атады.

4-мартта Жизак, Кашкадарыя, Фергана жана Ташкент облусунан келген 60 киши өкмөт имаратынын алдына чогулуп, президенттин элдик кабылдамасына кирүүгө мүмкүн болбой жатканына даттанышкан.

“Азаттыктын” өзбек кызматы жарыялаган видеожазууда Улуттук гвардиянын жоокерлери бийликке нааразы кишилерди өкмөттүн имаратына киргизбей жатканын көрүүгө болот.

Акция катышуучуларынын бири укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны милиция бөлүмүнө алып барып сабашканын да билдирүүдө.

Өзбекстанда көйгөйлөрүн айтуу үчүн президенттин элдик кабылдамасына кире албай калган жарандар буга чейин да нааразылык акцияларын уюуштуруп келишкен.

2018-жылы да Ташкентте милиция жана прокуратуранын аракетине даттанган топ аял Шавкат Мирзиёевдин администрациясына келген. Аларды өзбек лидери кабыл алган эмес. Аялдарын көбү “майда бейбаштыкка” айыпталып, он суткага камалышкан.

Булак
azattyk.org
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close