Дүйнө

Өзбекстанда мектептер 14-сентябрдан тартып ачылат

Өзбекстандын Билим берүү министрлиги быйылкы жаңы окуу жылы 14-сентябрда башталарын, өлкөнүн бардык аймактарында мектептерде салттуу окутуу уланышы ыктымалдыгын жарыялады.

Мекеменин билдирүүсүндө, окуучуларды салттуу түрдө окутуу үчүн мектептин даярдыгы тууралуу жергиликтүү кеңештин чечими керек. Мындан тышкары мектептеги абал санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берип, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун корутундусу болууга тийиш.

Мектептерде атайын даярдыктан өткөн «Фильтр – COVID-19» деп аталган топтор жана кеминде эки атайын медициналык бөлмө болушу керек. Фильтр тобуна медайым, санитар, милиционер жана Улуттук гвардиянын офицери кирет. Мугалимдердин маалыматына караганда, жетекчилер аларды фильтр топторун түзүүгө мажбурлашкан.

Расмий маалыматтарга караганда, 10-сентябрга карата Өзбекстанда коронавирус оорусуна 45473 адам чалдыккан. Илдеттен 370 адам көз жумду. 42509 адам вирустан сакайды.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button