БийликӨкмөт

Өзбекстан тарапка суу берүү маселеси чечиле элек

Бул маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 4-июнда Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтуусунда Токтогул суу сактагычынан сугат суусун үзгүлтүксүз берүү Өзбекстан тараптын 1-июнда Баткендин Чечме бекетиндеги жолугушууда көтөргөн үч маселесинин бири болчу. Боронов быйылкы жылы суу сактагычта суунун көлөмү аздыгына байланыштуу азырынча так жооп болбосу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповго түшүндүрүлгөнүн айтты:

«Быйыл экинчи жыл катары менен Токтогулда суу аз экенин, ошондуктан, биз өзүбүз кышында электр энергиясын Казакстандан импорттоого аргасыз болуп жатканыбызды айтып, түшүндүрдүк. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша карап көрөлү деп айттык».

Кубатбек Боронов жолугушууда кыргыз тарап «Кайтпас» бекетин ачууга макулдук бербегенин, 31-майда болгон окуя тууралуу кечирим суроо эмес, өкүнүч билдирилгенин маалымдады.

Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөт өкүлдөрү 1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда жолугушуп, акыркы кырдаалды талкуулаган. Жолугушууга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов баштаган өкүлдөрү катышкан.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. «Азаттыктын» өзбек кызматы өзбек тараптан 187 киши жараат алганын жазды.

Эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын кийинки отуруму 20-июнга белгиленген.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button