Дүйнө

Өзбекстан Түштүк Кореядагы жарандарын алып келет

8-мартта “Өзбекстан аба жолдору” авиакомпаниясы Сеул аркылуу Түштүк Кореядагы Өзбекстан жарандарын Ташкентке алып келет.

Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, каттам 15, 22 жана 29-мартта дагы ишке ашат.

Түштүк Кореядан Өзбекстанга келген жүргүнчүлөр 14 күн карантинде болушат.

Өзбекстан ТИМи Түштүк Корея коронавирустун жайылышын токтотуу боюнча алдыңкы медициналык технологияларды колдонуу менен бардык чараларды көрүп жатканын, буга байланыштуу өлкөгө кайтуу жөнүндө чечим кабыл алардан мурун жакшылап ойлонууну сунуштайт.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close