Окуялар

Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр боюнча билдирүү таратты

Бүгүн, 1-июнда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжал боюнча билдирүү жарыялады.

31-майда саат 12:30 чамасында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбек Республикасынын Фергана облусуна караштуу Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Эки тарап Чечме айылындагы булакты биргеликте тазалап жатканда «бул булак бизге таандык» деп сөз талашып, чырдаша кетишкен.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдын кесепетинен эки тараптан тең жабыркагандар бар, аларга медициналык жардам көрсөтүлдү. Эки өлкөнүн чек арага чектеш жайгашкан облустарынын жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында абал көзөмөлгө алынды. Тараптар мындан ары тазалоо иштерин алдын ала сүйлөшүп алып жүргүзүүнү макулдашты.

Чашма булагы Өзбекстандын да, Кыргызстандын да жашоочуларын таза суу жана сугат суу менен камсыздайт. Буга чейин булакты чогуу пайдалануу макулдашылган.

Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусундагы «Чечме унаа жолу» өткөрмө пунктунда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуу өткөргөнүн билдирген.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы чектеш айылдардын жашоочуларынын ортосунда болуп өткөн жаңжал талкууланды. Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде болгон окуяга байланыштуу өкүнгөнүн билдирип, жагдайды жөнгө салуу боюнча биргелешкен акыркы чаралардын топтомун кабыл алуу, эскалацияга жол бербөө жана чектеш аймактарда чыңалууну жоюу тууралуу пикирлерин айтышты.

«Эки мамлекеттин буга чейин жетишилген макулдашууларын жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамилени кармана турганы белгиленди. Кубатбек Боронов жана Абдулла Арипов эки жактуу кызматташуу жана башка актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар биргелешкен тергөө чараларын жүргүзүү жана күнөөлүү жактарды жоопко тартуу тууралуу макулдашты», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жетекчилер жергиликтүү тургундар менен жоулугушту.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close