Дүйнө

Өзбекстан: Ганиев жөнүндөгү макалалар эмне үчүн өчүрүлүп жатат?

Өзбекстандагы бир катар маалыматтык сайттардан 2-июнда жарыяланган «Сох районунун жашоочулары Фергана облусунун акими Шухрат Ганиевге нааразычылыгын билдирип, анын кызматтан кетишин талап кылышканы жөнүндөгү макалалар жок кылынды. Тактап айтканда:

  • Aniq.uz,
  • Daryo.uz,
  • Hordiq.uz,
  • Kun.uz, ​​
  • Uznews.uz,
  • Repost.uz,
  • Xabar.uz,
  • Zamin.uz

Аталган жаңылыктардын массалык түрдө өчүрүлүшү Би-Би-Си өзбек кызматынын көңүлүн бурган.  Ушул темадагы жарыяланган жаңылыктар жайгашкан даректерде 404 катасы көрсөтүп калган. Ал сайттарда «Мындай барак табылган жок» же «Убактылуу мүмкүн эмес» деп жазылганын көрүүгө болот. Бирок алардын көчүрмөлөрү Google кэште сакталып калган.

Мисалы Kun.Uz жана Daryo.uz басылмаларындагы бул темадагы макалалар бир эле учурда өзбек жана орус тилдериндеги эки версиясы да жоголуп кетти. Анда аким кайсы бир жыйында ага катышып жаткандарды катуу тилдеп жатканын угууга болот. Ошондой эле Сохтун 74 тургунун Ферганага алып барып камай турганын да айтып коркуткан. Мындан сырткары Сох районунун эли бүтүндөй өзбекстандыктарды шерменде кылганын эске салган. Бул окуя жакында чыккан чырга байланыштуу экени азырынча белгисиз.

Бирок, Daryo.uz сайтынын башкы редактору Мухрим Азамхужаев мунун себебин техникалык мүчүлүштүктөр болгону менен түшүндүрүп, «Мурдагыдай эле, техникалык көйгөйлөрдөн улам», деп жооп берди. Бирок кайсы бир техникалык себептерден улам, кантип бир эле учурда бир канча сайттардан өчүрүлүшү мүмкүн деген суроого жооп берген жок. Ал эми Өзбекстандын Маалымат жана массалык байланыш агенттиги материалдардын өчүрүлгөнү жөнүндө эч нерсе билбей турганын расмий кабарлашты.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button