БийликВидеоПартияларПрезидентСаясат
Маанилүү

Өмүрбек Текебаев: “Сооронбай Жээнбековдо лидерлик сапат, жоопкерчилик дефицит болууда”

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттык” радиосунун “Эки бирде” телеберүүсүндө конокто болуп, азыркы бийликтин кетирип жаткан каталарын жана президенттин иш-аракетине өз баасын берди.

Ал күзүндө боло турчу шайлоо Кыргызстандын тарыхында тагдыр чечүүчү күчкө ээ экенин айтты.

“Менин оюмча алдады боло турчу парламенттик шайлоо Кырызстанда тагдыр чечүүчү шайлоо болот. Ошондо келген жаңы саясий күчтөр жоопкерчиликти өзүнө алып, Кыргызстандагы саясий бийликтин мүнөзүн, балансын өзгөртөт деп ойлойм”, — деди ал.

Текебаев андан сырткары эмне үчүн бүгүнкү күнү бардык бийлик Жээнбековдун айланасына чогулуп калганына бир гана себеп бар экенине токтолду.

“Эмнеге бүгүн бийлик өзүнөн-өзү эле Жээнбековго жыйналып калды? Конституция боюнча ага жыйналбаш керек эле, премьер-министрде болушу керек. Эмне үчүн ал жакка өтүп калды? Анткени лидерлик сапаттын, жоопкерчиликтин, өзүнө ала билүүнүн дефицити болууда. Эч ким мойнуна албай жалтактап жатса, бийлик жерде жатпайт, аны бирөө көтөрүп алат экен. Мен бүгүнкү бийликтин Сооронбай Жээнбековго жыйналып калганынын бир эле себебин көрүп жатам жана ошону эле кабыл алам. Ал Атамбаевдин өзүм билемдигине, “бийиликтен кетсем дагы өлкөнү бакшарам” деген ниетине каршы туруп, акыркы эки жылда ачык түрдө дагы, жабык түрдө дагы саясий чабышты. Ошол учурда Сооронбай Жээнбеков жаңы  бийлик баланстарын түзүүгө шайы келген жок. Эскичесинен Атамбаев түзүп кеткен саясий система уланып жатат. Ал качан өзгөрөт? Анын бир гана жолу бар, ал шайлоо”, — деди ал.

Текебаев андан сырткары эгер Сооробай Жээнбеков тарыхта реформатор катары калам десе күздө боло турчу шайлоону таза өтөрүп, жаңы келген күчкө аткаруу бийлигин толугу менен өткөрүп бериши керектигин кошумчалады. Ошондо гана Жээнбеков эл алдында “парламентаризмди курам” деген убадасын аткарарын белгиледи.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button