БийликЖогорку Кеңеш

Өмүрбек Текебаев кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Текебаевге «Ата Мекен» фракциясынан депутат болгон Садык Шер-Нияздын мандаты берилди. Ал эми Садык Шер-Нияздын ыйгарым укуктары өзү жазган арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

  • Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатынан 2017-жылдын ноябрь айында ажыраган. Ал коррупция фактысы боюнча айыпталып, №47 жаза өтөө мекемесине камалган.
  • Анын мандаты 2017-жылы декабрь айында Искендер Гайпкуловго өткөрүлүп берилген.
  • Ө.Текебаев кылмыш иши боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүн жокко чыгаруу тууралуу Жогорку соттун токтому чыкканына байланыштуу мандатын кайтарып берүү тууралуу арыз менен БШКга кайрылган.
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button