БийликӨкмөтЭкология
Маанилүү

Өлкөдөн жыл сайын тонналап алтын, күмүш, жез чыгарылып кетип жатат

Өткөн жылы өлкө аймагынан 79 миң 523 тоннадан ашык концентрат чет жакка чыгарылып кеткен.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда кен казган сегиз компания чет өлкөгө концентрат ташыйт. Чет жакка ири көлөмдө чыгаргандардын сап башында “Алтынкен” менен “Казминералз Бозымчак” жоопкерчилиги чектелген коомдору турат.

Алсак, “Алтынкен” ишканасы 2019-жылы курамында 3177 килограммдан ашык алтын, 2823 килограммдай күмүш жана 906 тоннадан ашуун жези бар концентраттарды Казакстанга жөнөткөн. Ал ишканалар негизинен казылган кенди Кыргызстандын аймагында кайра иштете албагандыктан сыртка алып кетет. Анткени кен казган компаниялардын баалуу металлды иргеп алуучу завод-фабрикасы жок.

Бирок адистер концентраттардын сыртка чыгуусун токтотуу зарылчылыгын көптөн бери айтып келет, анын түрдүү себептери бар. Тоо-кен адиси, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбековдун айтымында, мамлекет аларды тыкыр көзөмөлдөй албай жатат.

Заместитель председателя Ассоциации горнопромышленников и геологов КР Дуйшенбек Камчыбеков
Тоо-кен адиси, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков

“Иш жүзүндө өкмөттүн өзүнүн бирдиктүү лабораториясы болушу керек. Ошондо мамлекет сыртка чыгып жаткан концентраттын көлөмүн, андагы баалуу металлдардын курамын так билип тиешелүү деңгээлде көзөмөлдөмөк. Учурда бийликтин андай мекемеси жок. Анын айынан коомчулук чет элдик ишканалардан күмөн санап жатат. Бүгүн ал компаниялар жеке лабораторияга кайрылууда. Алар деле бир тонна концентратта иш жүзүндө сегиз грамм алтын болсо, төрт грамм деп жазып берип коюшу толук мүмкүн. Ошондуктан өкмөт эмнеси болсо да каражат таап, бирдиктүү лаборатория куруп, бардык кен казган компаниялар ошол лабораториянын гана кызматын колдонушу зарыл. Антпесе азыр бизден эмнелер чыгып кетип жатканын толук билбей жатабыз”, — деди Камчыбеков.

Ал ошондой эле республика аймагында бир топ ири кендер казылып жаткандыктан өкмөт өзү руда, концентраттарды кайра иштеткен ишкананы курууга аракет кылуусу керектигин да айтты.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Кыргызстанда учурда алтын ылгап алуучу эки фабрика курулуп жаткандыгын билдирди.

Ири көлөмдөгү концентраттарды “Казминералз Бозымчак” жана “Алтынкен” жоопкерчилиги чектелген коому коңшу Казакстанга ташып кеткен. Инвесторлор ал концентраттарды Кыргызстанда иштете албагандыктан чет өлкөгө чыгарат.

КРден жыл сайын кантип тонналаган алтын, күмүш, жез чыгарылып жаткандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Булак
Sputnik Кыргызстан
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button