ОкуяларПрезидент
Маанилүү

«Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн көп нерселерди айтпай келдим эле»: Мурдагы муфтий интернетке тараган видео боюнча кайрылуу жасады

Кечээ, 22-февралда интернетке муфтияттын бухгалтери УКМКнын кызматкерине пара сунуштап жаткандагы делген видео тараган.

«Ассаламу алейкум рахматуллохи ва баракатуху, Кыргыз элим. Сиздерге ушул кайрылууну жазууну туура көрдүм, окуп коёсуздар деп ишенем. Буюрса, өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн көп нерселерди айтпай келдим эле. Мына бүгүнкү видео тууралуу бир гана нерсени суранмакмын, шашылыш чечим чыгарбай эч кандай ойго келбей туруңуздар. Мен дагы ал видеого комментарий бербей турмакчымын. Себеби бул видеону ар түрдүү кылып кыркып, тескери мааниге ээ кылышыптыр. Элибиздин тынччылыгы үчүн мен көп нерсеге көз жумуп келгем. Эми биз деле айта турган күндөр келиптир. Ошондуктан алдын ала адамды каралабай, сын такпай, бир аз сабыр кылып туруңуздар сураныч. Акыйкат сөзсүз келет. Ошондо анан сөздү да айтабыз, сиздерди да угабыз. Түшүнүп турганыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Аллах Таалам жүзүбүздү жарык кылсын жана жүрөктөрдү ыйманга толтурсун. Жай эс алыңыздар. Сиздерди колдойт деп ишенем», — деп жазылат Токтомушевдин кайрылуусунда.

Эскерте кетсек, Максат ажы Токтомушев 10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын «Хаджга» ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузууларга тиешеси бар экендиги айтылууда.

Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук соту Максатбек ажы Токтомушевди үй камагына чыгарган.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт