БийликӨкмөт
Маанилүү

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү болуп Назарали Арипов дайылдалабы?

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү болуп Назарали Арипов дайындалышы мүмкүн.

Эске салсак, Жеңиш Разаков вице-премьерлик кызматтан өз арызы менен кеткен соң, анын ордуна өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, вице-премьер болуп дайындалган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалышы мүмкүн делген, Назарали Арипов Жогорку Кеңештин 5 чакырылышында “Республика” партиясынан депутат болуп шайланган. Ал Баткен облусунун, Лейлек районунун кулуну экени маалым.

Арипов Назарали Турдалиевич учурда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү. Ал 1970-жылдын 28-апрелинде Баткен облусунун Лейлек районунун  Кара-Булак айылында туулган. Ош Технологиялык университетинин жол кыймылын уюштуруу бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу:

1990-жылы Россия Федерациясынын Тольятти шаарында Волга автомобилдик заводунда ташып алып баруучу (транспорттоочу).

1994-1997-ж.ж. «Эрдик» жеке ишканасынын директору.

1997-2001 –ж.ж. Жеке ишкер.

2001-2003 –ж.ж.  «Прагма Inc.» ЖЧКсынын  директору.

2003-2009 ж.ж. — «Гефест» ЖЧКсынын директору.

2007-жылы —  Ош шаардык кенештин депутаты.

2009-2010-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ош шаары боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыгынын директору.

2010-2015 –ж.ж. «Республика» саясий партиясынан V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.

«МПА СНГ» — 20-жыл» юбилейлик медали менен сыйланган.

 

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close