Өкмөт

Өкмөт: “Логистикалык борбор боюнча талаш маселелер Кыргызстандын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы логистикалык борбор 7 жылда курулуп бүтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында экономика министрлигинин адиси Улан Сопукеев билдирди.

Инвестиция тартуу агенттигинин өкүлү Жалын Жээналиевдин айтымында, учурда борбордун техникалык долбоору түзүлүүдө.

«Инвестициялык келишимге кол коюула элек. Анда баардык талаптар көрсөтүлөт. Эгер инвестор талаптарды аткарбаса келишим жокко чыгарылат. Талаш маселелер Кыргызстандын мыйзамдары менен жөнгө салынат», — дейт ал.

Борбордун курулушуна 176 гектар жер берилген. Ал жер мамлекетке тааныдык.

Булак
Fakt.kg
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button