БийликӨкмөт

Өкмөт «Кыргыз темир жолун» сатуу жөнүндө маалыматтарды төгүндөдү

Кыргыз өкмөтү «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын орусиялык тарапка сатуу жөнүндө айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган кабарларды төгүндөдү.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү тараткан билдирмеде, бул кабарлар «чындыкка дал келбейт жага ойлонуп табылганы» белгиленет.

«Биринчиден, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын акционерлештирүү маселеси каралган эмес жана каралбайт дагы. Экинчиден, «Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясын 2020-жылга жана орто мөөнөттүү аралыкта өнүктүрүүнүн стратегиялык планы», «Кыргыз Республикасында темир жол транспортун 2025-жылга чейин өнүктүрүү концепциясы» иштелип чыккан. Анда ички жана эл аралык жаңы темир жолдорун куруу каралган, бул өлкөбүздүн экономикалык абалына жана өнүгүүсүнө олуттуу таасир этет», – деп айтылат билдирмеде.

Өкмөттүн аппараты муну Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдында фейк маалыматтарды таркатуу аркылуу коомчулуктун тынчын алуу айрым күчтөргө пайдалуу болуп жатат деп эсептейт.

Мекеме «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы аталган маалыматка юридикалык баа берүү максатында сотко берүү үчүн документтерди даярдап жатканы айтылат.

Бир нече күн мурда кээ бир Интернет сайттарда жана “YouТube” порталындагы айрым кыргыз каналдарында «эл шайлоого алаксып жаткан кезде «Кыргыз темир жолу» ишканасы Орусия сатылып кетти» деген кабар тараган. Буга мурда аталган ишканада иштей турганын айткан Рахат Акматов аттуу жарандын «Фейсбуктагы» видео билдирүүсү негиз болгон.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button