БийликОкуяларӨкмөт

Өкмөт башчылыкка Садыр Жапаров сунушталууда

Өкмөт үйү митингчилер тарабынан алынды. Учурда убактылуу өкмөт түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Өкмөт үйүнүн алдындагы чогулгандарга Камчыбек Ташиев чыкты. Ал Садыр Жапаровду премьер-министр кылып дайындоо тууралуу сунушталганын билдирди.

Ташиевдин айтымында, кечке чейин бир чечимге келишет.

Ошол эле учурда азыркы өкмөт өзгөчө режимде иштеп жатканын билдирди.

Учурдагы өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тармактык мамлекеттик түзүмдөр коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча иш алып барууда.

«Өкмөт саясий процесстин бардык катышуучуларын маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырат. Элдерибиздин жыргалчылыгы жана коопсуздугу, өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү үчүн бардык маселелер мыйзамдуу жол менен чечилиши керек», — деп айтылат маалыматта.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт