Окуялар

Өсөт деген ушу! Майрамдан кийин борбордук аянттан таштанды дээрлик чыккан жок

Майрам күнү аянтта “Тазалык” ишканасынын 20дай кызматкери иштеп, бир таштанды ташуучу унаа жүргөн. Мэрия шаардыктарга артын тазалап, акыр-чикир калтырбаганы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

 Борбор калаада башкы балатынын оту жанды. Бул майрамдан кийин “Ала-Тоо” аянтынан болгону төрт куб метр гана таштанды чыккан. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Жаңы жылдык аянтчанын салтанаттуу ачылышына эл көп келди. Майрамда фейерверк атылып, концерт тартууланды.

“Майрам аяктагандан кийин шаардыктар бизге күтүүсүз белек жасап коюшуптур. Бир да жерде таштанды жок, калтырышпаптыр. Баарын таштанды челектерге салып, таптаза кылып кеткени биз үчүн жагымдуу болду. Тазалык жана тартип үчүн шаардыктарга ыраазыбыз”, — деп жазылат маалыматта.

Майрам күнү аянтта “Тазалык” ишканасынын 20дай кызматкери иштеп, бир таштанды ташуучу унаа жүрдү.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button