Дүйнө

Өрт өчө электе нөшөр жана бороон каптаган Австарлия

Австралиянын түштүк чыгышында сентябрь айынан бери уланып жаткан токой өртү толук өчүрүлүп бүтө электе бул ирет кайрадан климаттагы өзгөрүүлөр таасир этип жатат. Өлкөнүн айрым аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр селди пайда кылды. Кээ бир жерлерде кум бороону болуп жатат.

Канберрада чоңдугу жаңгактай мөндүр жаап, мамлекеттик имараттарды, кеңселерди, үйлөрдү жана унааларды зыянга учуратты. Көп жерлерде дарактар жыгылып, электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Андан пайда болгон селден эки адам жабыркады.

Канберрада мындай болуп жатса, өлкөнүн батышындагы Дуббо шаарында саатына 107 чакырым тездикке жеткен кум бороону болду. 300 чакырым аянтта таасирин тийгизген бороондон Күн көрүнбөй калды.

Метеорологдор ашыкча ысыктан кийинки буулануу шамал менен тез көтөрүлүп, жамгырга жана бороонго себеп болгонун болжолдошууда.

Толугу менен
Back to top button