Саясат

Өмүрбек Бабановдун ордуна “Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев болуп шайланды

“Республика” партиясынын жаңы лидери болуп шайланган Мирлан Жээнчороев партиянын ишмердүүлүгүн Өмүрбек Бабановсуз эч ким элестете албайт деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн партиянын кезексиз съездинде төрага болуп шайлангандан кийинки сөзүндө айтты.

Жээнчороев “Бабанов койгон деңгээлди алып кетүү оор болот. Бул жөн эле кызмат эмес, чоң жоопкерчилик” деп белгиледи.

Бүгүнкү съездде Бабанов саясий ишмердигин жыйынтыктап жатканын айтып, жаңы лидер катары Мирлан Жээнчороевди көрөрүн кошумчалады. Натыйжада Жээнчоров партиянын жаңы жетекчиси болуп шайланды.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан. Буга чейин ал өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.

Жээнчороев парламенттеги “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button