Экономика

Өкмөт: автоунаа алып кирүүдөгү бажы төлөмү боюнча сунушубузду ЕЭК колдогон жок

Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген автоунаалардын бажы төлөмү кескин өсөрүн билдирген.

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Кыргызстандын транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарына жеңилдик мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн четке какты. Маалыматты расмий түрдө өкмөттөн тастыкташты.

Кечээ, 19-ноябрь күнү, Москва шаарында өткөн кезектеги жыйында ЕЭК кеңеши кыргыз өкмөтүнүн сунушун кабыл албаганын буга чейин өздүк булактардан билдиришкен.

«Кыргызстанга жеке пайдаланууга ташылып келген унаа каражаттарына бажы алымдарын жеңилдетүү мөөнөтүн узартуу демилгесин ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү колдогон жок», — дешти өкмөттүн маалымат кызматынан.

Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынына Кыргызстандан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков катышты.

Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген автоунаалардын бажы төлөмү кескин өсөрүн билдирген. Буга төрт жыл мурда кабыл алынган токтомдогу транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарын жеңилдетүү мөөнөтү аяктаганы себеп экени айтылган.Көп өтпөй өкмөт жеңилдетилген мөөнөттү узартуу өтүнүчү менен ЕЭКке кайрылган болчу.

Чечимге ылайык, 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга автону бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелери менен киргизе баштайт. Мисалга алсак, КРдеги эң кеңири жайылган 2009-жылы чыгарылган Toyota Camry унаасын бажылык жол-жоболоштуруу 11 эсеге, 1 250 доллардан 13 600 долларга чейин жогорулайт.

 

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close