Дүйнө

Өзбекстандын өкмөтү отставкага кетти

Өзбекстанда Абдулла Арипов жетектеген азыркы өкмөт кызматын тапшырды.

Мыйзамга ылайык, Олий Мажилисте жаңы өкмөт кызмат баштардын алдында Министрлер кабинети бийликти өткөрүп берет. Бирок жаңы курам президенттин уруксаты менен расмий жумушун баштаганга чейин учурдагы өкмөт милдетин орундоочу катары жумуш алып бармакчы.

Эске салсак, 22-декабрда Өзбекстанда өткөн Парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча беш партия Олий Мажилиске келди. Алардын  арасынан эң көп добуш алган бийликтин Либералдык-демократиялык партиясы болду.

Өзбекстандын мыйзамы боюнча, Олий Мажилисте көп орунга ээ болгон партия өкмөт башчыны сунуштайт. Ага ылайык, аталган партия учурдагы премьер-министр Абдулла Ариповду өкмөт башчылыкка кайрадан көрсөттү.


Өзбекстанда Арипов өкмөт башчылыкка кайрадан көрсөтүлдү


Кошумчалай кетсек, 2016-жылдын 12-декабрында башкаруучу партия тарабынан Ариповдун талапкерлиги сунушталып, кабыл алынган соң, 14-декабрдан тарта премьер-министрлик кызматты аркалап келет.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button