Спорт

Япониянын жеңишинен кийин F группасында кандай өзгөрүү болду?Таблица

  1. Бишкекте өткөн футбол оюнунда Япония Кыргызстанды уткандан кийин F тайпасындагы жобого көп деле өзгөрүү кирген жок.

2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы мелдеш борбордогу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду. «Самурайлар» 0:2 эсеби менен жеңишин майрамдады.

Япония Кыргызстанды уткандан 12 упай топтоду. Команда жалпысынан төрт беттешти утуп, бир да ирет жеңилген эмес. Алтыдан упай топтоп экинчи сапта Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары турат. Бүгүн ошондой эле Тажикстан дагы Мьянма менен беттешип, 4:3 эсеби менен утулуп калды. Муну менен Мьянма үч упай алды. Ушундай эле көрсөткүчкө ээ Монголия төртүнчү сапта турат.

Положение в группе F

Кыргызстан кийинки оюнда Тажикстандын курама командасы менен беттешет. Матч 19-ноябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close