ВидеоКоомОкуялар

Эти тамак-ашка колдонулуп жатат делген Оштогу ири эшек ферманын ээси ким?

5-декабрь күнү социалдык тармактарга Кара-Суу районунун Мады айылындагы мал сарайда эшектер багылып, андан тышкары ошол эле мал сарайда өлгөн эшектердин жаткандыгы, алардын этин тамак-аш даярдоо үчүн пайдаланылып жаткандыгы тууралуу видео тараган. Маалыматты тактоо максатында аталган факт кечээ, 9-декабрда Ош ОИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын негизинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери Кара-Суу райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы, Санэпидемстанциянын жетекчилиги, Мады айылынын жана «Гром» күзөт агенттигинин өкүлдөрү менен бирге Мады айылындагы эшек ферманы текшерип чыгышты.

Жыйынтыгында Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүндө жайгашкан «Береке Мойнинг» ЖЧКсы болжол менен 1000ге жакын эшек багары аныкталган. Аталган ишкананын ээси Бишкек шаарынын тургуну Медет Сапаралиев экендиги белгилүү болду. Мал сарайдын аймагын «Гром» күзөт агенттиги кайтарат. Жер жана мал сарай Рамазан Кожомкуловго тиешелүү. Ал короону ижарага берген. Милициянын маалыматына караганда, аталган мал сарайда эшектер союлуп, эти тамак-аш үчүн таратылган фактылар аныкталган жок.

«Ал эми социалдык тармактарга жарыяланган видео боюнча, ал кар жааган учурда тартылганы көрүнүп турат. Ал эми эшектер багылып жаткан аймакта буга чейин кар жааган эмес. Иликтөө учурунда социалдык тармактарга жарыяланган видео 2015-жылы тартылгандыгы аныкталды. Ал эми белгисиз жаныбардын ич эттери башка жерден сүрөткө тартылгандыгы такталды. Видео жана сүрөттөр эки бөлөк жерден тартылган. Социалдык тармактарга жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт. Маалыматты тараткан адамды тактоо максатында ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», – деп айтылат Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Буга чейин «Баракелде» басылмасы WhatsАpp аркылуу Ош облусундагы эшек фермасына байланышкан сүрөт жана видеолор тарап жатканын жазган.

Видеодо эркек киши Мады айылында улуттук деликатестерди даярдоо үчүн эшек ферма уюштурулганын айткан. Ал тиешелүү мамлекеттик органдардан Мады айылында ушундай багыттагы ферманын бар-жогун тактап берүүнү суранган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button