Коом

Эскертүү! Бүгүн абанын температурасы кескин төмөндөйт

Бүгүн, 6-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт, – деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button