Илим-БилимКоомТехнологияЭкология

Электр энергиясын өндүрчү жана суу тазалоочу күн панели

Панелдин арткы бөлүгүндөгү күн элементтери электр кубатын өндүрүү үчүн Күндүн жарыгын чогултушат. Күн панели бөлгөн жылуулук дистилляторундагы сууну бууга айлантат. Дистиллятордун бир нече катмар полистрол мембранасы туздуу, шор жана ылай суудагы булганч заттар менен туздарды сүзүп алат. Буу көңдөйлүү полистрол мембрана аркылуу өтүп, таза суу чогулчу идишке жыйналат.

«Бул күн элементинин электр кубатын өндүрүүсүнө таасир этпейт, – дейт изилдөөнүн со-автору Пэн Ван (Peng Wang).​ – Ошол эле учурда сизге таза сууну бонус иретинде берет».

Профессор Пэн Ван Сауд Арабиясынын Тувала шаарындагы Абдалла падыша атындагы илим жана технология университетинин инженери.

Инженерлер түшүндүргөнгө караганда, асман чакчайып ачык болгон күнү кремнийден жасалган күн элементинин эффективдүүлүгү 11% жуук болот.

Эки функциялуу күн панелдери жашыл энергия өндүргөнгө катар таза сууга болгон талапты канааттандырууга чоң огожо. Бүгүнкү суу тазалоочу системалар электр кубатын көп керектешет жана алар үчүн өзүнчө инфраструктура керек.

АКШ жана Батыш Европада таза суунун 50% жакыны электр энергиясын өндүрүүгө сарпталат. Араб өлкөлөрүндө өндүрүлгөн энергиянын 15% көбү деңиз суусунан таза суу алганга кетет.

Бүгүн дүйнө жүзүндө 780 миллион киши таза сууга муктаж. Профессор Вандын айтышынча, алар күнүнө таза сууга жетүү үчүн 200 миллион саат коротушат.

Бул жабдууну туздуу сууларды, ошондой эле деңиз сууларын оор металлдардан тазалоо үчүн пайдалануу мүмкүн. Мындай сууда аз өлчөмдө коргошун, натрий, кальций, магний бар жана андай сууну ичкен кишинин ден соолугу үчүн кооптуу деп эсептейт Дүйнөлүк саламаттык уюму.

Лабораторияда өткөрүлгөн эксперимент кезде аталган жабдуунун прототиби Күндүн жарыгынын 11% жакынын электр кубатына айландырган. Экспериментте Күндүн ордуна кубаттуу лампа колдонулган. Коммерциялык солярдык элементтер демейде Күндүн жарыгынын 10-20% чейинин пайдалуу энергияга айландырышат.

Ушул эксперименттин негизинде диаметри 1 метрге жуук жабдык саатына 1,7 кг таза сууну сүзүп алары айтылат. «Бул ырасында эле жакшы инженердик иш»,– дейт жогорудагы изилдөөгө катышпаган инженер Жорж Ни (George Ni).

Жорж Ни дүйнөдөгү жана АКШдагы кадыр-барктуу Массачусетс технологиялык институнда аспирантурада окуп жүргөндө сууну дистилляциялоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.theguardian.com, https://www.nature.com)

Толугу менен
Back to top button