Президент

Шайлоо-2020. Жээнбеков «братынын» да, «сватынын» да укугун чектебейт

Асылбек Жээнбеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоого аттанабы-жокпу жеке өзү чечет. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселеге кийлигише албай турганын билдирди.

«Брат, сват — ар бир адам өзү чечет. Аны (Асылбек Жээнбеков-ред.) менен сүйлөшкөн жокмун. Мен эч бир адамды мажбурлай албайм. Анын конституциялык укугун бузуп, «сен бар, сен барба» деп айта албайм. Алар өздөрү чечишет», — дейт Жээнбеков.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Жээнбеков келе жаткан шайлоолор калыс, тең мүмкүнчүлүктө өтөөрүнө кепилдигин берген.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button