Коом

Чек ара кызматкери Талгат Аланов Батыштын атайын кызматына сатылганбы?

Өткөн айларда Оштогу Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Талгат Аланов пресс-конференцияга чыгып, чек ара кызматынын жетекчилиги чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» чогултарын, кызмат орундар акчага сатыларын айтып чыккан.
Бул басма сөз жыйыны жөндөн-жөн болбогону билине баштады. Анткени Алановдун башын айландырып, ушулардын барын айтып чык дегендер “TMG” деген жеке телеканалдын өкүлдөрү экен.
Белгилей кетчү маанилүү жагдай, бул телеканал “Интерньюс” жана “NED” деген батыштын долбоорлору аркылуу каржыланып турат, 40 миң долларга ачылган. Бул каналдын кызматкерлери ар дайым Бишкектеги “Интерньюстан” жана АКШдан семинарларга катышып, мээлерин “обработка” кылып турушат экен.
Андан кийин келип, ийгиликтүү түрдө биздин аскер кызматкерлерин дагы обработка кылгандарын көрүп ал! Ошондуктан бул сыяктуу контакттарга жол бербей, батыштын дарысына уулангандарды, өзгөчө аскер адамдарына жакын жолотпош керек.

Булардын максаты — биринчи журналисттер, анан армия, анан мамлекетпи?

Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
Close
Close